Маалыматка ылайык, чемпионат Өзбекстандын Самарканд шаарында өттү. Акыркы беттештер жекшемби күнү жыйынтыкталды. Турнир «Эркин пирамида» дисциплинасы боюнча өткөрүлдү.

Катышуучулар: Эркектер арасындагы мелдешке 8 өлкөдөн (Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Кыргызстан, Тажикстан, Азербайжан жана Беларусь) жалпы 64 спортчу катышты.

Кыргызстандын курамасы: Дүйнө чемпионатында өлкө намысын 13 спортчу коргоду.

33 жаштагы Арсен Калыбек уулу коло байгени багындырып, 3-орунду өзбекстандык спортчу Нурбек Саломов менен бөлүштү.

Жыйынтыгында 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү россиялык Иосиф Абрамов болду. Күмүш медаль дагы россиялык тажрыйбалуу оюнчу Никита Володинге тийди.