- В школах Кыргызстана не хватает около 900 учителей
- Дефицит в основном в русскоязычных школах
- Министр предложила открыть факультеты подготовки учителей русского языка
- Зарплата может улучшить ситуацию, но местные власти должны быть заинтересованы
- Новый Трудовой кодекс не ограничивает возраст педагогов, предложено отдавать приоритет молодым
Анын айтымында, негизинен орус тилдүү мектептерде кадрлар тартыш.
«Эки жыл мурун мен Кыргыз-Россия Славян университетинин базасында орус тилинде мугалимдерди даярдоо жана кайра даярдоо факультеттерин ачууну сунуштагам. Ал эми кыргыз тилдүү мектептерде предметтик мугалимдер жетиштүү», — деди Догдуркүл Кендирбаева.
Ал белгилегендей, татыктуу эмгек акы кырдаалды өзгөртө алат, бирок жергиликтүү бийлик органдары да мугалимдерди тартууга жана кармап калууга кызыкдар болушу керек.
Догдуркүл Кендирбаева кошумчалагандай, коомдо пенсионерлер ордун жаш педагогдорго бошотуп бериши керек деген пикирлер көп айтылууда.
«Азыр чынында эле чоң маселе жаралды — бул пенсионерлердин иштеши. Жаңы Эмгек кодекси педагогикалык кызматкерлердин жашына чектөө койбойт. Биз артыкчылыктуу тартипте окуу сааттары менен жаш адистерди камсыздоону сунуштадык», — деп белгиледи Агартуу министри.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий