Улукбек Бегалы уулу кино жана телепродукция тармагында көп жылдан бери эмгектенип, продюсер, аткаруучу продюсер жана локациялык менеджер катары бир катар ийгиликтүү долбоорлорго катышкан. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү менен биргелешкен эл аралык кинодолбоорлордо иш алып барган.

Анын дайындалышы мамлекеттик киноборбордун ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, ата мекендик кинопродюсерлерди колдоого жана кыргыз киносун өлкө ичинде жана эл аралык деңгээлде жайылтууга багытталган.