Мындан сырткары, учурдагы ооруну козгогон вируска каршы расмий жактырылган терапия же вакцина жок экени белгиленген.

«Уланып жаткан туруксуздук, гуманитардык кризис, калктын жогорку мобилдүүлүгү (миграциясы), учурдагы очоктордун шаардык же жарым-шаардык мүнөздө болушу жана расмий эмес медициналык мекемелердин кеңири тармагы вирустун жайылуу коркунучун жогорулатат. Мындай көрүнүш буга чейин 2018-2019-жылдары Түндүк Киву жана Итуридеги Эболанын ири эпидемиясы учурунда байкалган», — деп билдиришти уюмдан.

Буга чейин ДССУ Конго жана Угандадагы Эбола безгегинин жайылышына байланыштуу эл аралык өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган. Эбола менен байланышы бар деп болжолдонгон 80 өлүм учуру, ошондой эле жугузуп алуунун 246 шектүү учуру кабарланган, алардын ичинен сегизи лабораториялык түрдө тастыкталган. Мындан тышкары, Уганданын Кампала шаарында 15- жана 16-майда вирус жуктуруунун лабораториялык түрдө тастыкталган эки учуру катталып, анын бири өлүм менен аяктаган.