Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин жыйынын өткөрдү
Кабыл алынган чечимдин негизинде төмөнкү жоболорго өзгөртүүлөр киргизилди:
муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого;
мамлекеттик менчиктеги жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобого;
запастагы жерлерди пайдалануу жана калыптандыруу тартиби жөнүндө жобого;
жерлерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) тартиби жөнүндө жобого.
Бул токтом менен Минкабдын бир катар чечимдери Жер кодексинин жаңы редакциясына шайкеш келтирилет. Тактап айтканда, улуттук жана инвестициялык долбоорлор үчүн жер участокторун берүү тартиби өркүндөтүлүп, мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди натыйжалуу пайдалануу камсыз кылынат. Мындан тышкары, жер тилкелерин берүү жол-жоболору жөнөкөйлөтүлүп, электрондук форматтагы кызматтар киргизилүүдө.
Адылбек Касымалиев бул документтин улуттук жана инвестициялык долбоорлор үчүн өзгөчө мааниси бар экенин белгилеп, токтомдун долбоору коомдук талкууга да чыгарылганын кошумчалады.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий