Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынды. Мамадалиев бул кызматта Урмат Абдукаимовду алмаштырды.

Жаңы башкы машыктыруучу Азия футбол конфедерациясынын A категориясындагы лицензиясына ээ. Ал буга чейин Кыргызстандын улуттук жана Олимпиадалык курамаларында башкы машыктыруучунун жардамчысы болуп иштеген.

Мамадалиевдин негизги милдеттеринин бири — 2026-жылдын 19-сентябрынан 4-октябрына чейин Японияда өтө турган Азия оюндарына U-23 кураманы даярдоо болуп саналат.