Маалыматка ылайык, тишелүү тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду. Алар республиканын руханий потенциалын өнүктүрүүгө, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын ишке ашырууга кошкон олуттуу салымы үчүн, ошондой эле Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 30 жылдыгына байланыштуу сыйланышты.

«Даңк» ордени менен Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров жана Аалымдар кеңешинин төрагасы Замир Ракиев сыйланды.

Бишкек шаарындагы «Көлмө медресе» диний окуу жайынын директору — Ырысбай Ахунбаев;

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү — Марс Ибраев;

Жусуп Баласагын атындагы Ислам Диний Уюмунун негиздөөчүсү — Жеенбек Таштанов;

Бишкектеги «Абдуллах ибну Масъуд атындагы медресе» мекемесинин мугалими — Сражидин Туяков.