- Министерство образования запретило привлекать педагогов к ремонтным работам, особенно в летние каникулы.
- На 2025-2026 учебный год из республиканского бюджета выделено 404 млн сомов на текущий ремонт школ.
- Средства теперь предусмотрены не только на материалы, но и на услуги по выполнению ремонтных работ.
- Местным властям напомнили о недопустимости привлечения учителей к уборке улиц и другим хозяйственным работам.
2025—2026-окуу жылында республикалык бюджеттен мектептерди утурумдук оңдоп-түзөө иштерине 404 млн сом каралган. Буга чейин каражат негизинен курулуш материалдарын жана товарларды сатып алууга бөлүнүп келсе, эми утурумдук оңдоп-түзөө иштерин аткаруучу кызматтарга да каралган.
Бул багытта министрлик тарабынан бардык аймактык бөлүмдөргө расмий кат жөнөтүлүп, тиешелүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мугалимдерди көчө тазалоо, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү, короо шыпыруу жана башка чарбалык иштерге тартууга жол берилбей турганы эскертилет. Мындай аракеттер мыйзам талаптарына каршы келет.
Министрлик мугалимдердин негизги милдети — окуучуларга сапаттуу билим берүү жана окуу-тарбия процессин уюштуруу экенин баса белгилейт.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий