Коомдук транспорт маселесин Бостери айылынын тургуну Кубатбек Өмүрзаков көтөрдү. Анын айтымында, курорттук аймакка Бишкек жана Балыкчы шаарларындагыдай заманбап автобустар керек.

«Бизде туристтик аймак, ошондуктан бул жерде да ушундай автобустар каттап турса жакшы болмок», — деди ал.

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү бул маселе учурда иштелип жатканын жана бийлик каржылоо булактарын караштырып жатканын билдирди. Ал эми Ысык-Көл районунун акими Жапар Ормонов Чолпон-Ата мэриясы бул долбоордун ишке ашуусун өз көзөмөлүнө аларын айтты.