- Кыргызстандын мусулмандары Курман айтты белгилеп жатат
- Майрам ынтымакты, боорукерликти, берешендикти даңазалайт
- 24.kg редакциясы бардык мусулмандарды куттуктайт
24.kg редакциясы бүгүн алакан жайып, бир дубада бириккен, Жаратканга ибадат кылып жаткан бардык момун мусулмандарды майрамы менен куттуктайт. Ыйык Курман айт ар бир үйгө туруктуулук, береке-кут, өз ара түшүнүшүү жана шүгүрчүлүк алып келсин.
Бул майрам ар бир адамдын жүрөгүнө жаркын үмүттөрдү, боорукердикке жана кайрымдуулукка ишенимди жаратсын.
Бардык кыргызстандыктарга бекем ден соолук, тынчтык жана бардык жакшы иштеринде ийгиликтерди каалайбыз. Кылган ибадаттарыңызды, сооптуу иштериңизди кабыл кылсын жана үй-бүлөңүзгө бейпилдик, ырыскы, ынтымак каалайбыз. Жүрөгүңүздөр тынчтыкка, жакшылыкка толуп, бардык аруу тилектериңиз орундалсын!
Курман айт майрамыңыздар менен! Айтыңыз маарек болсун!
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий