Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата Орусияда 472 миң 336 Кыргызстандын жараны жүргөн. Ал эми 14-майга карата жаңыртылган маалыматтар боюнча, бул көрсөткүч 502 миң адамды түздү. Министрлик бул убактылуу өсүштү күн жылып, мекендештердин сезондук жумуштарга жөнөгөнү менен байланыштырат, бирок узак мөөнөттүү келечекте көрсөткүчтөр кыскарып жатат.

Акыркы жылдардагы жалпы статистиканы карасак, Орусиядагы кыргызстандыктардын санынын динамикасы төмөнкүдөй:

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 91 миң 566 жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган, алар «кара тизмеде» турушат. Муну менен бирге, өткөн жылы Орусия аймагынан 6 миң 271 кыргызстандык депортацияланган.

Брифингдин жүрүшүндө ошондой эле учурда Орусиянын аймагында соттолгон жарандарды жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн Кыргызстанга которуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатканы белгиленди.

Акыркы маалыматтар боюнча, РФнын түзөтүү мекемелеринде 1 миң 126 КР жараны бар. Алардын мекенге кайтарылышынын динамикасы төмөнкүдөй:

2024-жылы Кыргызстанга 117 жаран которулган;

Үстүбүздөгү жылдын 21-майына карата мекенине 156 жаран кайтарылды.