- 30 мая 2023 года в городе Кульджа (Китай) в ДТП погиб гражданин Кыргызстана О.К., 2003 года рождения.
- Водитель автомобиля, причастного к ДТП, задержан.
- Посольство Кыргызстана в Китае оказывает консульско-правовую помощь и решает вопрос доставки тела на родину.
- Родственники погибшего имеют право на единовременную выплату 'Груз-200' согласно постановлению правительства КР №169 от 23.04.2021.
Маалыматка ылайык, аталган жол кырсыгына тиешеси бар унаанын айдоочусу кармалган. Учурда Кытайдын укук коргоо органдары тарабынан окуянын бардык жагдайларын жана себептерин аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Кытайдын компетенттүү органдары, медициналык мекеме жана каза болгон жарандын жакындары менен туруктуу байланышта болуп, зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.
Азыркы күндө элчилик маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү маселесин чечүүдө.
Бул маселе министрликтин көзөмөлүндө турат.
Белгилей кетсек, чет мамлекеттерде каза болгон Кыргызстандын жарандарынын туугандары КР өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 169 токтомуна ылайык, репатриациялык чыгымдарды жабууга багытталган мамлекеттик бир жолку төлөмдү («Жүк-200») алууга укуктуу.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий