- Президент Кыргызстана подписал указ о создании Национального агентства по виртуальным активам и блокчейну
- Агентство будет регулировать криптовалюты, цифровые активы и блокчейн
- Агентство получит полномочия по лицензированию, ведению реестров и контролю оборота цифровых активов
- Руководителя агентства назначает президент
- Для сотрудников предусмотрены особые условия оплаты и соцгарантии
Жаңы түзүлө турган Улуттук агенттик криптовалюта, санариптик активдер жана блокчейн технологиялары боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүп, тармакты жөнгө салуу менен алектенет.
Маалыматка ылайык, агенттикке виртуалдык активдерди лицензиялоо, реестрлерди жүргүзүү жана санариптик активдердин жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө боюнча бир катар ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилет. Агенттиктин жетекчисин өлкө президенти дайындайт.
Ошондой эле жаңы түзүмдүн кызматкерлери үчүн өзүнчө эмгек акы системасы жана социалдык кепилдиктер каралган.
Бийлик бул кадам виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүүгө, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө жана санариптик экономикадагы башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганын белгиледи.
Жарлык менен агенттиктин кызматкерлеринин штаттык саны, эмгекке акы төлөө тутуму жана кызматкерлердин социалдык кепилдиктери да бекитилди. Алсак, жумуштун татаалдыгы жана өзгөчө маанилүүлүгү үчүн үстөк акылар, ден соолукту чыңдоочу төлөмдөр, он үчүнчү айлык, ошондой эле тамак-аш жана транспорт үчүн компенсациялар каралган.
Мындан тышкары, документ агенттиктеги бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына кызматкерлерди өзгөчө тартипте — конкурс өткөрбөстөн дайындоо мүмкүнчүлүгүн карайт.
Министрлер кабинетине үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин бул жарлыкка ылайык келтирүү жана каралган бардык чаралардын аткарылышын камсыз кылуу тапшырылды.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий