Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө калаа башчысы балбанды жогорку спорттук жетишкендиктери менен куттуктап, алдыдагы эл аралык мелдештерде мындан аркы ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде Акжол Махмудов көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, дүйнөлүк аренада Кыргызстандын туусун бийик желбиретүү үчүн мындан ары да болгон күч-аракетин жумшай турганына ишендирди.

Жолугушуунун соңунда мэр спортчуга 100 миң сомдук акчалай сертификат тапшырды. Ал эми анын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго 50 миң сомдук сертификат берилди. Мындан сырткары, Жанарбек Акаев жакынкы айларда Ош шаарында Акжол Махмудовдун катышуусунда ири спорттук иш-чараны өткөрүү пландалып жатканын маалымдады.