Маалыматка ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге жетиши күтүлүүдө.

Министрлик тургундарды этият болууга, унааларды дарактардын жана көрнөк-жарнактардын астына токтотпоого жана шамал күчөгөндө ачык жерлерде болбоого чакырат.