- Выставка Ala-Too Trade & Industry Expo проходит в Бишкеке
- Участвуют более 90 компаний из 6 стран
- Выставка продлится до 6 июня
- Представлены промышленная продукция, инновации, инвестиционные проекты
- Выставка проходит под председательством Кыргызстана в ШОС
Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Ala-Too Trade & Industry Expo
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында өтүп жаткан «Ala-Too Trade & Industry Expo» биринчи эл аралык соода-өнөр жай көргөзмөсүнө барды.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, көргөзмөгө алты өлкөдөн 90дон ашык компания катышууда.
Аянтчада өнөр жай ишканаларынын продукциялары, инновациялык иштеп чыгуулар, инвестициялык долбоорлор, ошондой эле катышуучу мамлекеттердин улуттук павильондору көрсөтүлгөн.
Экспозицияны көрүү учурунда Адылбек Касымалиев ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоонун, заманбап технологияларды киргизүүнүн жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизги факторлорунун бири болгон өнөр жай секторун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Ala-Too Trade & Industry Expo» — ШКУга мүчө мамлекеттердин жана өнөктөш өлкөлөрдүн өнөр жай ишканаларын, соода компанияларын, инвесторлорун жана мамлекеттик институттарын бириктирген эл аралык B2B жана B2G платформасы болуп саналат.
Көргөзмөнүн негизги максаты — соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, ишкердик кызматташтыкты кеңейтүү жана өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын аймактык жана эл аралык рынокторго чыгаруу.
Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы алдында өтүп жаткан бул көргөзмө 6-июнга чейин уланат.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий