Маалыматка ылайык, куткаруучу түнү саат 03:00 чамасында сел калдыктарынын арасынан 2011-жылы туулган өспүрүмдүн сөөгүн табышкан. Маркумдун сөөгү тиешелүү процессуалдык иштерди жүргүзүү үчүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, 5-июнда Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда сел жүргөн. Анын кесепетинен 2 унааны жана 2 жаранды ылай басып калган. ӨКМ бир жарандын сөөгү табылып, экинчисин издөө-куткаруу иштери жүрүп жатканын кабарлаган.