Ысык-Көлдө эки гидроцикл катуу ылдамдыкта кагышты
Ысык-Көлдө, Бостери айылындагы «Алтын кумдар» пансионатынын пляжына жакын жерде эки суу скутери кагылышты.
Ысык-Көлдө, Бостери айылындагы «Алтын кумдар» пансионатынын пляжына жакын жерде эки суу скутери кагылышты.
Ысык-Көл жана Соң-Көлдө өндүрүштүк максатта балык уулоого киргизилген мораторийдин мөөнөтү ушул жылы аяктайт. Окумуштуулар бул чектөөнү узартуу зарыл деп эсептешет. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун ихтиология жана гидробиология лабораториясынын башчысы Шайгүл Асылбаева билдирди.
Бүгүн,19-июнда, Ысык-Көл облусунда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин медиафоруму өтүп жатат.
Ысык-Көлдө Кырчын жайлоосуна барчу жолдун 18 чакырымы асфальтталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Балыкчы — Каракол унаа жолунда жүргөн сел кырсыгынан кийин дайынсыз болуп изделип жаткан 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Эколог жана изилдөөчү Гүлбара Оморова талаа изилдөөлөрү учурунда Ысык-Көлдүн чыгышында сейрек кездешүүчү боз турналарды жолуктурганын айтып берди.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Ысык-Көл облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы бир катар социалдык-инфраструктуралык жана туристтик объектилерди кыдырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
5—14-июнда Ысык-Көлдө армрестлинг (кол күрөш) боюнча 24-Азия чемпионаты жана пара-армрестлинг боюнча 23-Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Каракол шаарында жана Ак-Суу районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин түзүлгөн кырдаал боюнча ыкчам жыйын өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Чолпон-Атада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Пакистандын лидери Асиф Али Зардаринин расмий жолугушуусу өттү. Мамлекет башчылары «Рух-Ордо» маданий борборунда жолугушуп, ал жерде ардактуу кароолдун жана этно-жоокерлердин катышуусунда салтанаттуу азем болуп өттү.
Президент Садыр Жапаров жана Албаниянын президенти Байрам Бегай бүгүн, 19-июнда анын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында сунушталган этномаданий программа менен таанышышты.
Ысык-Көл облусундагы бир катар пансионаттардын аймагында пландан тышкары текшерүүлөр жүрүп, анын жыйынтыгында ондогон мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ысык-Көлдө жана Кыргызстандын башка туристтик аймактарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүштү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өткөн Бирдиктүү коопсуздук кызматынын бөлүмдөрүнүн гарнизондук саптык кароосунда белгилүү болду.
Ысык-Көлдө өтө турган эл аралык F1H2O кайыктар жарышы боюнча соцтармактарда түрдүү чагымчыл билдирүүлөр тарап жатат. Бул тууралуу Ички Иштер Министрлиги билдирди.
Ысык-Көл мамлекеттик коругунун «Жети-Өгүз» тилкесинде корукчу тарабынан боз турнанын уясы табылган. Ал көлдүн жээгиндеги саздак жерде жайгашканын Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирет.
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Эдуард Кубатовдун Ысык-Көлдөгү Жомок каньонунун деградацияга учурап жатканы тууралуу билдирүүсүнөн кийин, социалдык тармактарда объекттин аймагындагы таштанды көйгөйү талкуулана баштады.
Министрлер кабинети Ысык-Көлдүн айланасына тамчылатып сугаруу тутумун орнотууну пландап жатат. Бул долбоор аймактын суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга багытталганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков журналисттерге билдирди.
Кыргызстандын Министрлер Кабинети 31-августтан 6-сентябрга чейин өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ролигин сунуштады. Бул масштабдуу иш-чаранын ачылышы Бишкек шаарында өтөт, ал эми турнир өзү Ысык-Көлдө уюштурулат.
Turmush — В Иссык-Куле прошёл областной конкурс В городе Каракол 22 мая состоялся областной смотр-конкурс «Юные инспекторы дорожного движения». Основная цель мероприятия — практическое обучение школьников Иссык-Кульской области правилам дорожного движения и безопасному переходу улиц и дорог. В ходе конкурса участники показали знания ПДД, строевую подготовку, творческие способности и практические навыки. Галерея: Ысык-Көлдө «Жол кыймылынын коопсуздугунун жаш тескөөчүлөрү» кароо-сынагынын жеңү...