«Мен турналардын үнүн угуп, алардын артынан чуркадым. Алар кичинекей суунун жээгине эс алуу үчүн конушуптур», — деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.

Оморова бул ири канаттуулар көлдүн жээгин бойлой кеткен өрөөндөрдү жана шамал коридорлорун табигый учуп өтүү жолу катары колдонорун белгиледи. Алар үчүн өзгөчө ачык мейкиндиктер жана тынч аймактар абдан маанилүү.Боз турна Кыргызстанда сейрек кездешүүчү келгин куш болуп эсептелет. Аларды сезондук миграция учурунда Ысык-Көлдөн, Чүй өрөөнүнөн жана бийик тоолуу жайлоолордон көрүүгө болот.Изилдөөчү турналар ал үчүн эркиндиктин, үмүттүн, узак жолдун жана мекен менен болгон байланыштын символу экенин кошумчалады.