Фото ЖМКдан. Никол Пашинян Армениядагы парламенттик шайлоодо жеңгенин билдирди

«Шайлоонун жыйынтыгы боюнча «Жарандык келишим» партиясы жеңишке жетти. Ал өкмөттү жалгыз өзү курайт», — деди Никол Пашинян Еревандагы басма сөз жыйынында.

Армениянын парламентине өткөн шайлоого 18 саясий күч — 16 партия жана 2 блок, анын ичинде «Жарандык келишим» катышты. Никол Пашинян премьер-министрлик кызматты 2018-жылдан бери аркалап келет.

БШКнын маалыматына ылайык, 506 шайлоо участкасынын маалыматтары иштелип чыккандан кийин «Жарандык келишим» добуштардын 51,8 пайызын алууда. Экинчи орунда (21,43 пайыз) ишкер Самвел Карапетяндын «Күчтүү Армения» («Сильная Армения») блогу турат. Үчүнчү орунда — экс-президент Роберт Кочаряндын «Армения» блогу.

Армениянын мурдагы лидери Роберт Кочаряндын шайлоо алдындагы блогу Никол Пашиняндын жеңиш тууралуу