- Партия Никола Пашиняна 'Гражданский договор' набрала 49,7456% голосов.
- Блок 'Сильная Армения' получил 23,281%, блок 'Армения' — 9,934%.
- Партия 'Процветающая Армения' не прошла в парламент, набрав 3,996%.
- Явка избирателей составила 58,97%.
- Оппозиционные блоки начали митинг у здания ЦИК и планируют обратиться в Конституционный суд.
Фото Архивден алынды. Арменияда парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкты
«Жарандык келишим» партиясы шайлоочулардын 49,7456 пайыз добушуна ээ болду. Ишкер Самвел Карапетяндын «Күчтүү Армения» блогу 23,281 пайыз, ал эми мурдагы президент Роберт Кочаряндын «Армения» блогу 9,934 пайыз топтоду.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы «Жарандык келишим» партиясына жаңы өкмөттү жалгыз өзүнө курууга мүмкүнчүлүк берет.
Ишкер Гагик Царукяндын «Гүлдөгөн Армения» партиясы болгону 3,996 пайыз гана добуш алып, Армениянын парламентине өтпөй калды.
Шайлоочулардын катышуусу 58,97 пайызды түздү.
Гагик Царукяндын партиясынын тарапташтары кечээ кечинде Еревандагы БШКнын имаратынын алдында митинг башташты. Оппозициялык «Армения» жана «Күчтүү Армения» блоктору да бул нааразылык акциясына кошулушту. Алар көптөгөн мыйзам бузуулардан улам шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип, Конституциялык сотко кайрылуу ниетин билдиришүүдө.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий