Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Ак-Суу районунун Сырт өрөөнүндөгү Кайыңды коктусунда суунун деңгээли кескин көтөрүлгөндүктөн, Кайыңды дарыясындагы жыгач көпүрөнү суу жууп кеткен.

Жыйынтыгында сегиз чет элдик жаран жана төрт жеңил автоунаа жайлоодо калып калган. Алар жергиликтүү чабандын үйүнө убактылуу жайгаштырылды. Жабыркагандар жок. Окуя болгон жерде ӨКМдин Ак-Суу райондук бөлүмүнүн жана жарандык коргонуу кызматтарынын кызматкерлери иштеп жатышат.

Кийинчерээк Тоң районунда суу агымы Балыкчы — Бөкөнбаев — Барскоон убактылуу автожолунун 110-чакырымындагы тилкесин жууп кеткен. Кесепеттерди жоюу үчүн ӨКМдин ыкчам тобу, бир экскаватор жана алты самосвал тартылды. Бул тилкеде кыймыл калыбына келтирилди.

Жети-Өгүз районунун Конкино айылына жакын жердеги Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол автожолунун 207-жана 208-чакырымдарынын ортосундагы тилке да катаал аба ырайынан жабыркады. Арыктардан суу ашып, жолдун жүрүүчү бөлүгүнө чыгып, жол каптоосунун 10 метрдей жерин жууп кеткен.

ӨКМдин Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам түрдө унаалардын өтүүсүн камсыз кылышты, транспорт кезектешип өткөрүлүүдө. Жабыркаган тилкени калыбына келтирүү үчүн экскаватор, жүктөгүч жана самосвал тартылды. Калыбына келтирүү иштери уланууда, жолдогу кыймыл токтотулган жок.