ФИФАнын билдирүүсүнө ылайык, АКШ, Канада жана Мексикада өтө турган мелдешке катыша турган 48 курама команданын курамдары такталган.

Билдирүүдө бул турнир дүйнөлүк масштабдагы маанилүү бурулуш учур болуп, мурдагыдан да көп өлкөлөр, оюнчулар жана күйөрмандар үчүн эшигин ачары белгиленген.

Дүйнө чемпионатына буга чейин эң аз дегенде бир жолу дүйнөлүк биринчиликтин билдирмесине кирген 357 футболчу чакырылган. Ал эми калган 891 оюнчу бул турнирде алгачкы жолу өнөр көрсөтөт.

Турнирдин эң улуу катышуучусу менен эң жаш футболчусунун ортосундагы жаш айырмасы 25 жылдан ашат.

Курамалардын билдирмесине 20 жаштан кичүү 22 оюнчу, ошондой эле 40 жаштагы жана андан улуу 7 футболчу кирди.

Мындан тышкары, турнирге буга чейин дүйнө чемпиону болгон 22 оюнчу кайтып келүүдө.

Кабо-Верде, Кюрасао, Иордания жана Өзбекстандын улуттук курама командалары ФИФА дүйнө чемпионатында биринчи жолу бактарын сынашат.