- Испания выиграла чемпионат мира 2026 года, победив Аргентину в финале
- Общий призовой фонд турнира составил 727 миллионов долларов
- Испания получила 50 миллионов долларов за победу плюс 1,5 миллиона на подготовку
- В турнире участвовали 48 команд, добавлен раунд 1/16 финала
- ФИФА начала дисциплинарное расследование в отношении игроков Аргентины после финала
Маалыматка ылайык, дүйнө чемпионатынын жалпы байге фонду 727 миллион долларды түздү, бул азырынча дүйнөлүк биринчиликте командалар жалпысынан алган эң чоң сумма болуп саналат.
«Фурия Роха» турнирдин жеңүүчүсү катары 50 миллион доллар, ошондой эле дүйнө чемпионатына даярдануу үчүн ар бир командага компенсация иретинде каралган дагы 1,5 млн доллар алды. Дүйнө чемпионаттарынын тарыхында бир дагы курама команда мелдештин жыйынтыгы боюнча мынчалык көп акча алган эмес.
Бул быйылкы дүйнө чемпионатына 48 команданын катышуусуна уруксат берилгенине жана буга ылайык турнирдин плей-офф баскычына кошумча раунд (1/16 финал) кошулганына байланыштуу болуп жатат.
Быйылкы дүйнө чемпионатындагы командалардын кирешелеринин суммасы:
20,5 млн доллар: Бельгия, Марокко, Норвегия, Швейцария
16,5 млн доллар: Бразилия, Египет, Канада, Колумбия, Мексика, Парагвай, Португалия, АКШ
12,5 млн доллар: Австралия, Австрия, Алжир, Босния жана Герцеговина, Гана, ДР Конго, Эквадор, Кабо-Верде, Кот-д’Ивуар, Нидерланды, Германия, ТАР (Түштүк Африка Республикасы), Сенегал, Хорватия, Швеция, Япония
10,5 млн доллар: Гаити, Иран, Ирак, Иордания, Катар, Кюрасао, Жаңы Зеландия, Панама, Түштүк Корея, Сауд Арабиясы, Тунис, Турция, Уругвай, Өзбекстан, Чехия, Шотландия
Эске салсак, Испания экинчи кошумча таймда Ферран Торрестин киргизген голунун жардамы менен финалда Аргентинаны жеңип, 2026-жылдагы дүйнө чемпиону болгон. Бул матчтан кийин ФИФА финалдык ышкырыктан кийинки «Альбиселестенин» оюнчуларынын аракеттери боюнча дисциплинардык иликтөө баштаган.
Иш-чаранын алдында аргентиналык күйөрмандар калыстын «коррупциялык схемаларга катыштыгы бар» деген жүйө менен быйылкы дүйнө чемпионатынын финалын кайра өткөрүү максатында петиция түзүшкөн.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий