- Объявлен прием заявок на международную премию «Евразия»
- Премия направлена на развитие культурно-гуманитарного сотрудничества
- Конкурс проводится по 10 номинациям
- Призовой фонд составляет 17 миллионов рублей
- Заявки принимаются до 30 августа 2026 года
Фото Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Сыйлык маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, элдер ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана салттуу баалуулуктарды сактоого багытталган. Катышууга буга чейин ишке ашырылган долбоорлор кабыл алынат.
Конкурс 10 номинация боюнча өткөрүлүп, маданият, тил, билим берүү, медиа, социалдык колдоо, ыктыярчылык, эл аралык кызматташтык жана тарыхый эстутумду сактоо багыттарын камтыйт. Ар бир катышуучу үчкө чейин арыз тапшыра алат.
Долбоорлорду ар түрдүү өлкөлөрдөн келген 150дөн ашуун адистен турган эл аралык эксперттик кеңеш баалайт. Тандоонун жыйынтыгында эң мыкты демилгелер финалга өтүп, жеңүүчүлөр эл аралык деңгээлде таанылуу жана мындан аркы өнүгүүсү үчүн колдоо алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Сыйлыктын жалпы байге фонду 17 миллион рублди түзөт.
Арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 30-августуна чейин уланат.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий