«Ынтымак Ордо» имаратынын алдына Кыргызстан менен Грузиянын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилип, этно-жоокерлер турушту.

Садыр Жапаров менен Ираклий Кобахидзе саламдашкандан кийин Ардактуу кароолдун рота командиринин рапортун кабыл алышты. Андан соң аскердик оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.

Мындан кийин катарды кыдырып чыгышты, Ираклий Кобахидзе Ардактуу кароол ротасы менен «Салам аскер!» деп саламдашты. Андан соң алар расмий делегациялардын мүчөлөрүн бири-бирине тааныштырышты.

Расмий салтанат аяктаган соң Садыр Жапаров менен Ираклий Кобахидзе биргелешип сүрөткө түшүү үчүн «Ынтымак Ордого» киришип, сүйлөшүүлөр залына өтүштү.