- В Бишкеке прошел международный турнир по ММА «Кубок Президента»
- Турнир организован Ассоциацией ММА Кыргызстана
- Главный приз завоевал спортивный клуб «Альфа Профи» под руководством Арслана Тыныбекова
- В турнире участвовали спортсмены из всех регионов Кыргызстана и соседних стран
- Цель турнира — популяризация здорового образа жизни и укрепление дружеских связей
Мелдештин салтанаттуу ачылышы УКМКнын төрагасы жана КР ММА ассоциациясынын президенти Жумгалбек Шабданбековдун катышуусунда өттү. Турнирге Кыргызстандын бардык аймактарынан келген спортчулар, ошондой эле коңшу мамлекеттердин өкүлдөрү катышты. Мелдеш ар кандай курактагы жана салмактагы катышуучулардын — жаңыдан баштаган спортчулардан тартып тажрыйбалуу мушкерлердин башын бириктирди.
Ассоциациядан билдиришкендей, турнир өткөн күндөрү көрүүчүлөр спортчулардын мыкты даярдыгын, жеңишке болгон эркин жана чыныгы спорттук мүнөзүн көрсөткөн кызыктуу жана курч мүнөздөгү беттештерге күбө болушту.
Жалпы командалык эсептин жыйынтыгы боюнча мелдешке коюлган башкы сыйлыкты — «Кыргыз Республикасынын ММА ассоциациясынын президентинин кубогун» башкы машыктыруучу Арслан Тыныбековдун жетекчилиги астындагы «Альфа Профи» спорттук клубу жеңип алды.
Ассоциациянын сүрөтү. Турнир өткөн күндөрү көрүүчүлөр кызыктуу жана курч мүнөздөгү беттештерге күбө болушту.
Уюштуруучулар белгилегендей, мындай эл аралык турнирлерди өткөрүү сергек жашоо образын жайылтууга, аралаш уруш өнөрүн өнүктүрүүгө, ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосундагы спорттук жана достук байланыштарды чыңдоого, ошондой эле эл аралык спорттук аренада Кыргызстандын кадыр-баркын көтөрүүгө өбөлгө түзөт.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий