Облустук ИИБдин маалыматы боюнча, 27 жаштагы тургун арыз менен кайрылып, анда 2025-жылдын май айында таанышы М.Ш. беш унааны сатууга жардам берүүнү убада кылып, өзүнө алып кеткенин билдирген.

Фото Баткен ИИБдин басма сөз кызматы. Шектүү

Мындан тышкары, шектүү бизнес ачуу шылтоосу менен арыздануучудан 3 миллион 510 миң сом алып, акчаны кыска мөөнөттө кайтарып берүүнү убада кылган. Бирок кийинчерээк телефонун өчүрүп, изин жашырып кеткен.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуга жалпысынан 5 миллион 295 миң сомдук материалдык зыян келтирилгени аныкталган.

Бул факт боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Милиция кызматкерлери шектүүнү кармашты. Ал Кочкор-Ата шаарынын 45 жаштагы тургуну М.Ш. болуп чыкты. Ал убактылуу кармоочу жайга (ИВС) киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.