- Кабир Малик назначен новым руководителем проектов Всемирного банка в Кыргызстане
- Министр энергетики Алтынбек Рысбеков встретился с представителями Всемирного банка
- Обсуждался запуск первого этапа солнечной электростанции мощностью 1900 МВт
- Хью Ридделл отметил ускорение реализации совместных проектов
Фото Энергетика министрлиги. Кабир Малик Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы долбоорлорунун жаңы жетекчиси болду
Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынын сүрөтү. Кабир Малик (эң солдо) Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы долбоорлорунун жаңы жетекчиси болду.
Тараптар ошондой эле 14-июнда пайдаланууга берилген кубаттуулугу 1 миң 900 мегаватт болгон күн электр станциясы долбоорунун биринчи этабын ишке киргизүүнү талкуулашты. Бул долбоор энергетика жана инвестициялык ишмердүүлүктөгү реформалардын натыйжаларынын бири болгону белгиленди.
Хью Ридделл акыркы айларда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тездеп, натыйжалуулугу жогорулаганын билдирип, бул динамика андан ары да сакталарына ишеним билдирди.
«Акыркы убакта долбоорлорду ишке ашырууда абдан жакшы динамика байкалууда. Эгер бир нече ай мурунку кырдаал менен салыштырсак, айырмасы абдан чоң», — деди ал.
Алтынбек Рысбеков Дүйнөлүк банк Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү экенин баса белгиледи. Анын айтымында, биргелешкен долбоорлор энергетикалык коопсуздукту чыңдоого жана тармакты модернизациялоого багытталган.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий