«Чалдыбар унаа жолу» фитосанитардык көзөмөл постунда Казакстандан импорттолгон 23 миң 800 килограмм күрүч фитосанитардык көзөмөлдөн өткөрүү учурунда продукциянын таңгагында маркировканын жоктугу аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 чечимине ылайык, карантинге алынуучу продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, келип чыккан өлкөсү, экспорттоочу өлкө жана реэкспорттоочу өлкө жөнүндө маалыматтарды камтыган маркировка болушу керек.

Карантинге алынуучу жүктү маркировкасы жок алып кирүү Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат. Буга байланыштуу аталган жүк партиясы экспорттоочу өлкөгө кайтарылды.