Мамлекет башчысы форумду улуу жазуучу Чынгыз Айтматов негиздеген интеллектуалдык салттын уландысы катары баалап, бул аянтча дүйнөлүк деңгээлдеги маанилүү диалог экенин белгиледи.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө адамзаттын глобалдык көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов демилгелеген бул иш-чаранын конокторун жана катышуучуларын куттуктады.
«Бүгүн Чыңгыз Айтматов баштап кеткен ошол интеллектуалдык жөрөлгөнү улай, «Дүйнө цивилизациялык бурулуш жолдо: келечекке бирге» урааны астында өткөрүлүп жаткан Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгын белгилеп турабыз», — деп белгиледи Президент.
Президент белгилегендей, форумду белгилөө — бул Түндүк менен Түштүктүн, Батыш менен Чыгыштын ортосундагы жаңы цивилизациялык диалогду түзүү, бүгүнкү күндүн курч чакырыктарына: климаттык кризистин алдын алуу, жасалма интеллекттин чектен тыш колдонулушун тизгиндөө, дегеле адамдык бийик парасаттын сакталып калышына бирдиктүү интеллектуалдык жооп издөө мүмкүнчүлүгү.
«Мындай шартта, бүгүнкү күндө кандай жол менен болсо да, көздөгөн максаттарына жетүүгө умтулган саясатчылардан айырмаланып, «калем кармаган» интеллектуалдар дүйнө элине кандай багыт бере алат? Мындай ары жөнөкөй, бирок ары салмактуу суроого көпчүлүк жооп издеп, жол таба албай турган мезгил», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Садыр Жапаров жөн гана талкуу аянтчасын уюштуруудан алда канча кенен болгон Ысык-Көл форумунун терең миссиясын баса белгиледи.
«Бүгүн биз адамдын экосистемага тийгизген зыянын моюнга алуубуз зарыл. Табият менен кайрадан камыр-жумур, сый мамилеге келишибиз керек. Бул багытта Кыргызстан дүйнөлүк алкакта тоо экосистемасын сактап калуу, жашыл экономиканы өнүктүрүү сыяктуу маселелерде эл аралык коомчулукка катуу коңгуроо кагып жаткандыгын кошумчалай кетейин», — деп өзгөчө белгиледи Президент.
Мамлекет башчысы Кыргызстан кечээ жакында эле Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешининин туруктуу эмес мүчөлүгүнө көпчүлүк мамлекеттердин добушу менен өткөнүн эске салды.
«Биз жогоруда айтылган көйгөйлөрдү дал ошол дүйнөлүк абройлуу уюмдун аянтчасында да көтөрүп, алардын чечилиши үчүн бекем турабыз. Ошону менен бирге Кыргызстан мындай макамга ээ болушу менен БУУда өнүгүп келаткан мамлекеттердин, чакан өлкөлөрдүн, деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн үнүн угузууда чоң роль ойной тургандыгын баса белгилеп кетейин. Коопсуздук кеңешиндеги ачык-айкын талкууларда эл аралык институттарды заман талабына жараша жаңылоо зарылдыгын да көтөрөбүз», — деп билдирди Садыр Жапаров.
Муну менен катар Мамлекет башчысы ушул жолугушуунун алкагында ушу тапта дүйнө жүзүндө болуп жаткан согуштарга жана экологиялык кризиске каршы адамзатка багытталган глобалдык чакырыктар жасаларына, өлкөлөр ортосундагы чыр-чатактарга карата эл аралык уюмдарды мобилизациялоо платформасын түзүү, жасалма интеллектти адамзаттын бакубатчылыгы үчүн гана пайдалануунун жолдорун табуу сыяктуу глобалдык маселелер талкууланат деген үмүтүн артты.
Сөзүнүн аягында Садыр Жапаров бүгүн дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунан келген форумдун катышуучулары адамзаттын келечеги жана анын туруктуу өнүгүү жолдору жөнүндө кеп салышат деген ишенимин билдирди.
«Ошондо гана «Ысык-Көл форуму» ар кандай согуштук апааттардан жана экологиялык кризистерден чарчаган адамзатка жаңы үмүт, жаңы багыт бере алат деген бекем ишеним жаралат. Ошондо гана сиздер сыйлаган, дүйнө эли сыймыктанган гуманист-жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүдөөсү, максат-тилектери орундалмакчы», — деп жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл форумуна Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь, кытай адабиятынын классиги Ван Мэн, дүйнөгө белгилүү тарыхчы жана эксперт Питер Франкопан, кинорежиссер Али Хамраев, белгилүү сүрөтчү жана арт-менеджер Василий Церетели, ошондой эле Азия жана Европанын көптөгөн башка белгилүү маданият жана илимий ишмерлери катышууда.
Форумдун катышуучуларына Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган да куттуктоо сөздөрүн жолдошкон.
Ысык-Көл-40 эл аралык форуму келечек муундар алдында интеллектуалдык жоопкерчилик боюнча маанилүү глобалдык аянтча болууга багытталган. Геосаясий чыңалуунун күчөшү, климаттык чакырыктар жана тез өнүгүп жаткан технологиялык өзгөрүүлөр шартында, дал ушул диалог, маданият, акыл жана гуманизм адилеттүү, туруктуу жана коопсуз дүйнөлүк тартипти түзүү үчүн бекем негиз боло алат.
Форумдун алкагында пленардык жыйындар, тематикалык секциялар жана коомдук талкуулар өтөт. Жыйынтыгында цивилизациялык трансформациялар доорунда тынчтык, гуманизм жана жоопкерчилик жөнүндө Ысык-Көл декларациясы кабыл алынат.
Ысык-Көл форуму менен катар көл жээгинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Медиафоруму өтүүдө.
Медиафорумдун негизги максаты — ШКУга мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, маалыматтык-коммуникациялык чөйрөдө өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле глобалдык медиа мейкиндигинин санариптик трансформациясы шартында туруктуу кесипкөй диалогду түзүү болуп саналат.
Медиафорумдун ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий делегацияларынын 25тен ашуун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын 60тан ашуун өкүлү катышууда.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий