«Бизде 32 адам каза болгону тууралуу маалымат бар, буга Ла-Гуайра бере турган көрсөткүчтөр кирбей элек. Ошондой эле мамлекеттик ооруканалардын жана жеке медициналык борборлордун тез жардам бөлүмдөрүнө 700дөн ашык жабыркаган адам кайрылды», — деди саясатчы VTV телеканалы аркылуу элге жасаган кайрылуусунда.

Фото Рейтер. Венесуэладагы жер титирөөдөн 32 адам каза болду

Ал Ла-Гуайра аймагы эң көп жабыр тартканын белгиледи. Ал жерде ондогон имараттар урап калган.

«Учурда мүмкүн болушунча көп өмүрдү сактап калуу үчүн абдан чыңалуу менен иш алып баруудабыз», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Эске салсак, жер титирөө өткөн түнү Венесуэланын жээктеринде болгон. АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен жер силкинүүсү катталган. Очогу Морон шаарынан (Карабобо штаты) 16 чакырым жана Сан-Фелипе шаарынан (Яракуй штаты) 24 чакырым алыстыкта болгон. Цунами коркунучу да жарыяланган.

АКШнын Геологиялык кызматы каза болгондордун саны 100 миңден ашып кетиши мүмкүн деп болжолдоодо.