Бул уюм өлкөнүн маркетинг чөйрөсүндөгү адистеринин башын бириктирет.

Ассоциациянын максаты — маркетинг багытында дүйнөлүк деңгээлде актуалдуу болгон жергиликтүү адистерди калыптандыруу экени белгиленди.

Бул максатка жетүү үчүн иштин үч багыты ишке ашырылат:

Нетворкинг жана билим алмашуу — жергиликтүү жана чет элдик эксперттердин катышуусундагы иш-чаралар, лекциялар жана мастер-класстар аркылуу;

Жыл сайын рынокту изилдөө — Кыргызстандагы маркетолог кесибинин абалы тууралуу маалыматтар;

Билим берүү стандарттарын жаңылоо — профилдик ведомстволор менен биргеликте курстардын, колледждердин жана жогорку окуу жайлардын программаларын кайра карап чыгууга катышуу.

Кыргыз маркетинг ассоциациясынын төрайымы болуп Айдай Мокушева шайланды.

Жыйында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн профессионалдык жалпы рыногун өнүктүрүүдө күч-аракеттерди бириктирүү боюнча биргелешкен иштер пландалып жатканы билдирилди.