Эми тоюу болгон күнү же андан көп өтпөй, жаш жубайлар борбордун парктарынын, скверлеринин бирине же башка коомдук жайларына бак отургуза алышат. Уюштуруучулардын айтымында, бул дарак жаңы үй-бүлөнүн символу жана ошону менен бирге шаарды жашылдандырууга кошулган салым болуп калат.

Долбоорго катышуу үчүн тандалган күнгө чейин кеминде эки жума калганда, Бишкек мэриясынын расмий сайтындагы «Жаңы үйлөнгөндөргө бак отургузуу» бөлүмү аркылуу же 0880005123 телефону боюнча билдирүү калтыруу зарыл. Жаңы үйлөнгөндөр бак отургузула турган күндү, убакытты жана районду тандай алышат. Андан соң кызмат акысын QR-код аркылуу төлөшөт.

Уюштуруучулар ошондой эле бак отургузууга белек сертификатын да караштырышкан, аны үйлөнүү тоюна белек катары тартуулоого болот. Билдирме калтырган алгачкы беш жубайга көчөттөр акысыз берилет.

Катышуу баасы мезгилге жараша болот. Тамыры жабык көчөттөрдү 10-апрелден 25-октябрга чейин отургузуу 15 миң 500 сомду түзөт. Ал эми жаз жана күз мезгилдеринде тамыр системасы ачык көчөттөрдү отургузуу 7 миң 800 сомду түзөт.

Отургузуу үчүн четин, кайың, липа (жөкө дарак), каштан жана башка дарактардын түрлөрү колдонулат. Тандалган аймакты эске алуу менен дарактын так түрүн адистер аныкташат. Каалоочулар белгиленген талаптарга жооп берсе, көчөттү өздөрү да сатып ала алышат.

Отургузулган дарактар сугат системасы бар аймактарга жайгаштырылат жана кийинки убакта муниципалдык кызматтардын көзөмөлүндө жана багуусунда болот.