- За сутки зафиксировано более 720 тысяч безналичных платежей за проезд
- Мэр Бишкека Айбек Джунушалиев встретился с водителями муниципального транспорта
- С апреля зарплата водителей повышена на 33%
- Планируется полный переход на безналичную оплату до начала нового учебного года
- Отменена система работы водителей по плану
Анын айтымында, акыркы сутканын ичинде эле жүргүнчүлөр 720 миңден ашык жолу жол кирени накталай эмес ыкма менен төлөшкөн.
Жаңы төлөм тутумун киргизүү транспорттук тейлөөнүн сапатын жогорулатууга, түшкөн каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
«Ушул жылдын апрель айынан тартып айдоочулардын эмгек акысы 33 пайызга жогорулатылды. Эми биздин жалпы милдетибиз — жаңы окуу жылы башталганга чейин жол кирени накталай эмес төлөө системасын толук ишке киргизүү. Кечээ эле 720 миңден ашуун жүргүнчү жол киресин накталай эмес ыкма менен төлөдү», — деп белгиледи Бишкек шаарынын мэри.
Ошондой эле муниципалитет башчысы накталай эмес төлөмдүн башкы артыкчылыгы — келип түшкөн каражаттардын толук ачыктыгында экенин белгиледи. Бардык кирешелер коомдук транспортту тейлөөгө жана жаңылоого, айдоочулардын айлык акысын жогорулатууга, транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана тармактын башка маселелерин чечүүгө жумшалат.
Мындан тышкары, буга чейин колдонулуп келген айдоочулардын план менен иштөө системасы жоюлуп, эмгек шарттарын адилеттүү жана ачык-айкын уюштурууга шарт түзүлөт.
Мэр айдоочуларды жүргүнчүлөргө накталай эмес төлөмдүн тартибин сылык түшүндүрүүгө, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, ташуулардын коопсуздугуна өзгөчө бурууга жана кызматтык милдеттерин жогорку жоопкерчилик менен аткарууга чакырды.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий