Лабораториянын курамында Toyota Hilux унаасы, DJI Mavic 3 Enterprise RTK көп спектрдүү дрону, ноутбуктар, күн панелдери, генератор жана көчмө энергия топтоочу заманбап жабдуулар бар.
Белгиленгендей, бул техникалар жайыттардын абалын дрон жана заманбап технологиялар аркылуу так, ыкчам көзөмөлдөөгө, деградацияга учураган аймактарды эрте аныктоого жана илимий чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт.
Көчмө лабораторияны тапшыруу иш-чарасынын алкагында тараптар келишимге кол коюшуп, өлкөдө жайыттарга мониторинг жүргүзүү жана баалоонун бирдиктүү санариптик системасын иштеп чыгууну башташты.
Белгилей кетсек, БУУнун Башкы ассамблеясы 2026-жылды «Эл аралык жайыттар жана жайыт малчыларынын жылы» деп жарыялаган. Санариптик лаборатория климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга жана жаратылыш ресурстарын сактоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий