Фото Архивден алынды. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде «Корни» тобу ырдайт

Чыгармачыл жамаат көрүүчүлөргө кайрылып, Кыргызстанга келерин кабарлады.

Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, ачылыш аземинде «Корни» тобунан тышкары шоу-бизнестин башка да жылдыздары чыгат. Анда белгилүү кыргызстандык жана чет элдик аткаруучулардын чыгуусу күтүлүүдө. Алардын ысымдары кийинчерээк жарыяланат.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттер сатыкка түштү. Билеттердин баасы секторго жана орунга жараша 5 миңден 9 миң сомго чейин турат. Аларды ticket.gov.kg расмий сайтынан сатып алууга болот.