Ведомствонун маалыматы боюнча, механизаторлор сезондук талаа жумуштарына карата техникаларды оңдоо жана даярдоо иштерин жигердүү жүргүзүп жатышат.

2026-жылы республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин жалпы себилген аянты 486 миң 90 гектарды түзөт. Оруп-жыюу өнөктүгүн өткөрүү үчүн 1 миң 822 дан жыйноочу комбайн тартылат. Натыйжада бир дан жыйноочу комбайнга орточо эсеп менен 267 гектар айдоо аянты туура келет.

тракторлордун жалпы саны — 22 358 даана, анын ичинен техникалык жактан даяр болгону — 21 043 даана же 94 пайыз;

дан жыйноочу комбайндар — 1 836 даана, анын ичинен даяр болгону — 1 434 даана же 78 пайыз;

чөп чапкычтар — 4 298 даана, анын ичинен даяр болгону — 3 934 даана же 91 пайыз;

чөп таңгычтар — 3 985 даана, анын ичинен даяр болгону — 3 596 даана же 90 пайыз;

дан тазалоочу машиналар — 423 даана, анын ичинен даяр болгону — 368 даана же 87 пайыз;

трактор чиркегичтери — 8 942 даана, анын ичинен даяр болгону — 8 150 даана же 91 пайыз.

Министрлик тарабынан оруп-жыюу өнөктүгүн өз мөөнөтүндө өткөрүү, техникалардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо жана түшүмдү жоготуусуз жыйнап алуу боюнча тиешелүү уюштуруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.