- Министр иностранных дел Кыргызстана Жээнбек Кулубаев встретился с президентом Турции Реджепом Тайипом Эрдоганом.
- Стороны обсудили динамику кыргызско-турецкого сотрудничества и важность контактов на высшем уровне.
- Особое внимание уделено взаимодействию в рамках ООН, Организации тюркских государств и других международных организаций.
- Кыргызстан поблагодарил Турцию за поддержку в выборах непостоянных членов Совета Безопасности ООН на 2027-2028 годы.
- Стороны подтвердили готовность развивать стратегическое партнерство и реализовывать ранее достигнутые договоренности.
Маалыматка ылайык, тышкы иштер министри президент Садыр Жапаровдун саламын жана эң жакшы каалоо-тилектерин жеткирди..
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын жогорку динамикасын белгилеп, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштардын маанилүүлүгүн айтышты. Ошондой эле ар кыл багыттар боюнча өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендиктери ырасталды.
Фото ТИМ. Жээнбек КулубаевТүркиянын президенти менен жолугушту
Бириккен Улуттар Уюмунун, Түрк мамлекеттер уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап Кыргызстанды 2027—2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайлоодо көрсөткөн колдоосу үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанды шайланышы менен куттуктап, алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруусуна каалоо билдирди.
Тараптар ошондой эле түрк дүйнөсүнүн алкагындагы кызматташтыкты чыңдоонун жана эл аралык коопсуздук маселелери боюнча аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында алар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө жана мурда жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий