Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус вирустун таасирине кабылгандар менен байланышта болгон акыркы адам да карантин мөөнөтүн аяктап, тести терс жыйынтык көрсөткөн соң үйүнө кайткандыгын айтты.

Анын айтымында, 25-майдан бери оорунун жаңы учурлары катталган жок.

ДССУнун буга чейинки маалыматы боюнча, май айынын аягына карата «MV Hondius» кемесинде хантавирус жуктургандардын саны 13 адамга жетип, анын ичинен үчөө каза болгон. Акыркы жаңы учур анда карантинде турган жүргүнчүлөрдүн арасынан Испанияда аныкталган.

Эске салсак, оорунун жайылышы Түштүк Американын жээктериндеги круиз учурунда орун алган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, сегиз адам ооруп, үчөө көз жумган. Болжолдоолорго караганда, сөз хантавирустун Андес штаммы — айрым учурларда адамдан адамга жуга турган сейрек кездешүүчү түрү жөнүндө болуп жатат.