Мекемеден билдиришкендей, буга чейин үч мектепте (№ 13, № 57 жана «ВЛКСМ» мектептеринде) текшерүү жүргүзүп, 382 окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экенин аныктаган. Алардын ичинен 92 окуучу 9-классты аяктап жаткандыктан, документтери жоктугуна байланыштуу негизги жалпы билим тууралуу күбөлүк (аттестат) албай калуу коркунучунда турган.

Мектеп администрацияларынын маалыматы боюнча, бул көйгөй көп жылдардан бери чечилбей келген. Буга айрым ата-энелердин өздөрүнүн паспорту жоктугу же аялдардын үйдөн төрөп, медициналык маалымкат албагандыгы себеп болгон. Учурда Агартуу министрлиги бул окуучуларга убактылуу шарттуу персоналдык идентификациялык номер (ПИН) ыйгарып, маалыматтык тутумга каттады.

Акыйкатчы институту Ош шаардык мэриясына жана президенттин өкүлчүлүгүнө маселени тез арада чечүү боюнча сунуштарды жөнөттү. Түзүлгөн жумушчу топ конуштарды кыдырып, ата-энелерге укуктук кеңештерди берүүдө.

«Көрүлгөн чаралардын натыйжасында алгачкы 98 окуучу автоматташтырылган тутумга катталып, айрымдары биринчи жолу күбөлүк алышса, калгандары жоголгон документтерин калыбына келтиришкен. Калган балдарды документтештирүү процесси уланууда», — деп айтылат маалыматта.