Учурда Бишкектин борборунда ири өрт кырсыгы катталууда.

Күбөлөрдүн айтымында, өрт 7-Апрель жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде тутанган. Окуя болгон жерден коюу кара түтүн көтөрүлүп, ал шаардын ар кайсы аймактарынан көрүнүп турат.

Тактап айтканда эмне күйүп жатканы жана жабыркагандар бар-жогу азырынча белгисиз. Жеринде өзгөчө кырдаалдар кызматтары иштеп жатат. Маалымат такталууда.