- Бишкекская ТЭЦ готовится к отопительному сезону 2026-2027 годов
- Проводятся капитальный, средний и текущий ремонты котлов, турбоагрегатов и других систем
- Выполняется диагностика, техобслуживание и замена изношенных деталей
- На ремонт Бишкекской ТЭЦ в 2025 году выделено 1,23 миллиарда сомов
Маалыматка ылайык, адистер жылуулук борборунун от казандарын, турбоагрегаттарын жана башка системаларын капиталдык, орточо жана кезектеги оңдоодон өткөрүп жатышат. Ошондой эле жабдууларды диагностикалоо, техникалык тейлөө жана эскирген тетиктер менен түйүндөрдү алмаштыруу иштери жүрүүдө.
Бардык иштер бекитилген графикке ылайык аткарылууда.
«Бишкекжылуулуктармагы» ААК оңдоо иштери жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, жылуулук жана электр энергиясын туруктуу иштеп чыгууну камсыз кылууга жана эң жогорку жүктөмдөр учурунда борбор калаанын тургундарын үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоого шарт түзөрүн белгилейт.
Эске салсак, 2025-жылы Бишкек ЖЭБин оңдоого 1,23 миллиард сом бөлүнгөн.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий