Борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) маалыматы боюнча, курамында баңгизат бар өсүмдүктүн өскөн жерлери алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган. Кара куурай механикалык ыкма менен чабылып, андан соң өрттөлгөн.

Эске салсак, «Кара-Куурай» операциясы ИИМдин республикалык «МАК-2026» иш-чарасынын алкагында өтүп жатат. Планга ылайык, анын биринчи этабы 6-июлдан 11-июлга чейин жүргүзүлөт.