- Кабинет министров утвердил 23 новых ведомственных почетных звания
- Постановление подписал председатель Кабмина Адылбек Касымалиев
- Звания присваиваются за значительный вклад в развитие отрасли, для большинства категорий требуется стаж не менее 20 лет
- Звания могут получить граждане КР, иностранцы и лица без гражданства
- Утратили силу предыдущие постановления 2021 и 2023 годов
Токтомго ылайык, ар кайсы тармактын алдыңкыларын өкмөттүк деңгээлде сыйлоо үчүн 23 жаңы ардак наамдын тизмеси бекитилди.
«Геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер»;
«Мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген кызматкер»;
«Саламаттык сактоого эмгек сиңирген кызматкер»;
«Жергиликтүү өз алдынча башкарууга эмгек сиңирген кызматкер»;
«Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер»;
«Жаратылышты коргоого эмгек сиңирген кызматкер»;
«Өнөр жайга эмгек сиңирген кызматкер»;
«Маалыматтык-коммуникациялык технологияларга эмгек сиңирген кызматкер»;
«Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер»;
«Калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер»;
«Транспортко эмгек сиңирген кызматкер»;
«Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер»;
«Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасына эмгек сиңирген кызматкер».
Ардактуу наамдар тийиштүү тармактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкондугу үчүн Кыргызстандын жарандарына, чет элдиктерге жана жарандыгы жок адамдарга берилиши мүмкүн. Категориялардын көбү үчүн кеминде 20 жылдык иш стажы милдеттүү шарт болуп саналат.
Токтом менен бирге Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жана бул ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө жаңы жобо бекитилди. Ал эми өкмөттүн сыйлыктар боюнча 2021 жана 2023-жылдардагы эски токтомдору күчүн жоготту деп таанылды.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий