- Предлагается продлить мораторий на промышленный вылов рыбы в Ысык-Кёле и Сон-Кёле еще на три года.
- Запасы ценных и эндемичных видов рыб продолжают сокращаться, восстановление недостаточно.
- Запрет также распространяется на вылов, транспортировку, хранение, покупку, продажу и вывоз рыбы.
- Исключения: любительская и спортивная рыбалка, искусственное воспроизводство, научные исследования, мелиоративные работы.
- Мораторий 2023 года снизил нагрузку на ресурсы, но восстановление популяций не завершено.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, өндүрүштүк, баалуу жана эндемикалык балык түрлөрүнүн запасы дагы эле азайып жатат. Ал эми аларды калыбына келтирүү экосистемага зыян келтирбестен өндүрүштүк уулоону кайра баштоого мүмкүндүк бере турган деңгээлге жете элек.
Долбоордо өндүрүштүк балык уулоого тыюу салууну сактап калуу эле эмес, Ысык-Көл менен Соң-Көлдө жашаган балыктарды кармоого, ташууга, сактоого, сатып алууга, сатууга жана сыртка алып чыгууга тыюу салуу сунушталууда.
Муну менен бирге өзгөчө учурлар каралган. Тыюу салуу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого;
балык запастарын жасалма түрдө көбөйтүүгө;
илимий изилдөөлөргө жана ихтиологиялык мониторингге;
суу объекттерин балыктын зыяндуу түрлөрүнөн тазалоо боюнча мелиоративдик иштерге.
Документти иштеп чыккандар белгилегендей, 2023-жылы киргизилген мораторий балык ресурстарына болгон жүктөмдү азайтууга, балыктын табигый түрдө көбөйүшүнө шарт түзүүгө, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө жана айрым популяцияларды калыбына келтирүүнү баштоого мүмкүндүк берди.
Бирок илимий изилдөөлөрдүн жана балык чарбалык мониторингдин жыйынтыктары Ысык-Көлдөгү запастарды калыбына келтирүү процесси али аяктай электигин көрсөтүүдө. Андыктан экосистеманы сактап калуу үчүн колдонуудагы чектөөлөрдү узартуу сунушталып жатат.
Мындан тышкары, эгерде документке кол коюлса, Министрлер кабинетине жарлыктан келип чыккан зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу жана башка чараларды көрүү тапшырылат.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий