Алардын ичинен 2 миң 415 үй-бүлө, мамлекет тарабынан жер тилкелери бөлүнүп берилип жана көчүп өтүү үчүн жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан, кооптуу аймактарда жашоосун улантууда.
Мындай үй-бүлөлөрдүн эң көбү Ош облусунда катталган. Бул жерде көчкү коркунучу бар аймактарда 2 миң 396 үй-бүлө жашайт, алардын ичинен 1 миң 475и ушул күнгө чейин коопсуз жайларга көчүп кетеше элек.
«Көчкү көбүнчө жаз мезгилинде кардын эришинен жана мол жааган жаан-чычындан улам жүрөт. Бирок узакка созулган жамгыр кыртыштын жылышына себеп болушу мүмкүн болгондуктан, күзүндө да коркунуч сакталып кала берет», — деп белгилешти ведомстводон.
ӨКМ жарандарды көчкү коркунучу бар аймактарда жашабоого, расмий эскертүүлөрдү катуу сактоого жана өз убагында коопсуз жайларга көчүп өтүүгө чакырат.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий