Маалыматка ылайык, тестирлөө бала бакчалар, мектептер жана кесиптик лицейлер үчүн бирдиктүү кадрдык резервди түзүүгө багытталган.

Квалификациялык тестирлөөнүн биринчи этабы 25-июлдан 31-июлга чейин өтөт. Тестирлөөгө катышуу үчүн талапкерлер документтерин «Мугалим» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу тапшырышкан.

Документтерди кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 2 миң 147 билдирме түшүп, анын ичинен 1 миң 729 талапкердин документи кабыл алынган. Ошол эле учурда 90 талапкердин документи четке кагылып, 328 арыз кайра иштеп чыгууга жөнөтүлгөн.

Билим берүү уюмдарынын түрлөрү боюнча түшкөн билдирмелердин саны төмөндөгүчө:

Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарына: 147 талапкер.

Квалификациялык тестирлөөгө катышуу үчүн билдирмелерди кабыл алуунун экинчи этабы да каралганы белгиленет. Экинчи этапка катышуу үчүн арыздар 8-августтан 31-октябрга чейин кабыл алынат. Конкурстун экинчи этабы 16-ноябрдан 27-ноябрга чейин өтөт.

Конкурсту уюштурууну жана өткөрүүнү Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти ишке ашырат.