- Готовность проекта удлинения взлетно-посадочной полосы аэропорта 'Каракол' составляет 95%.
- Основные строительные работы завершены, установлено современное светосигнальное оборудование.
- Первый технический международный рейс планируется в середине августа.
- Ведутся переговоры с авиакомпаниями о регулярных международных рейсах.
- Проект реализуется в рамках модернизации авиационной инфраструктуры страны.
«Каракол» эл аралык аэропорту биринчи эл аралык каттамдарды кабыл алууга даярдыкты аяктап жатат.
«Кыргызстан аэропорттору» ААКнын маалыматы боюнча, учуп-конуу тилкесин узартуу долбоорунун даярдыгы 95 пайызды түзөт. Негизги курулуш иштери аяктап, жаңы тилкеге заманбап жарык берүүчү сигналдык жабдуулар орнотулду. Учурда адистер аны техникалык жактан ишке киргизүү, жөндөө жана иштеп жаткан системага интеграциялоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Маалыматка ылайык, техникалык эл аралык каттамды август айынын ортосунда аткаруу пландалууда. Муну менен катар үзгүлтүксүз эл аралык каттамдарды ачуу боюнча авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр уланууда.
Долбоор өлкөнүн авиациялык инфраструктурасын модернизациялоонун алкагында ишке ашырылууда жана Ысык-Көл аймагында туризмди өнүктүрүүгө, ошондой эле КРнын эл аралык аба каттамдарын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий