Ошондой эле төмөнкү документтерге кол коюу аземи өттү:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык автомобиль каттамдары жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы энергетика жаатындагы кызматташтык боюнча 2026-2027-жылдарга карата Жол картасы;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы 2024-2029-жылдарга кызматташуу программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасы;

— 2022-жылдын 11-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи кошумча макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрлигинин ортосунда жүк ташуу, кеме жүрүшү жана кеме куруу жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик статистика комитетинин ортосунда статистика жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Азербайжан Республикасынын Атайын байланыш жана маалыматтык коопсуздук мамлекеттик кызматынын ортосунда киберкоопсуздук тармагындагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Ош шаары менен Азербайжан Республикасынын Гянжа шаарынын ортосунда кызматташтыкты жана боордош шаарлар байланышын түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Каракол шаары менен Азербайжан Республикасынын Габала шаарынын ортосунда өз ара кызматташтык жана боордош шаарлар байланышын түзүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаары менен Азербайжан Республикасынын Шуша шаарынын ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосунда мунай жана мунай продуктуларын жеткирүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы менен Азербайжан Республикасынын Борбордук банкынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум;

— «Кыргызалтын» ачык акционердик коому менен «АзерГолд» жабык акционердик коомунун ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.